• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын районунда 75 орундуу балдар бакчасы пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 05.09.23. /Кабар/. Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылында 75 орундуу "Таберик - Эмгек Талаа" балдар бакчасы ишке берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бала бакчанын курулушу 2015-жылы башталып, 8 жылдан бери каражаттын жетишсиздигинен бүтпөй турган. Курулуш ишин "М-Стард" курулуш ишканасы жүргүздү. Жалпы сметалык баасы 32 миллион сом болуп, республикалык бюджеттен каржыланды.

"Президенттин көптөн бери токтоп турган социалдык объектилерди бүткөрүү тапшырмасынын негизинде курулуш иши улантылып, жаңы окуу жылына карата айыл элине белек кылынды", - деп айтылат маалыматта.

Бала бакчанын ачылыш аземине президентитн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаров жана башка мекеме жетекчилери, айыл тургундары катышты.

Билим уясынын ачылыш аземи бөбөктөрдүн концерттик программасы жана куттуктоолор менен коштолуп, майрамдык маанайда өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий