• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Салык кызматынын кызматкерлери үчүн кызматчыларды баалоо боюнча семинар өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 31-март /Кабар/. Кечээ, 30-марта КРнын Мамлекеттик кадр кызматы КРнын Өкмөтүнө караштуу Салык кызматынын борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомствонун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн персоналды башкаруу кызматынын жетекчилери жана кызматкерлери үчүн окутуу-семинарын өткөрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чаранын максаты – мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишмердүүлүгүн баалоону жана алардын эмгек акы шарттарын иш жүзүндө туура колдонууга үйрөтүү.

Семинарда маалыматтык-талдоо иштери жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Бегалиева катышуучуларга ишмердүүлүктү баалоо системасындагы өзгөрүүлөр жана жаңылыктар, ошондой эле баалоону жүргүзүү тартиби тууралуу кеңири айтып берди.

Эске салсак, 2016-жылдын 7-июнунда күчүнө кирген “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” КРнын мыйзамына ылайык, 2017-жылы 1-мартта “КРнын Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин ишмердүүлүгүн баалоо жөнүндөгү” жобо бекитилген.

Н. Бегалиева белгилегендей,эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө бул жобого жаңы нормалар киргизилген, ага ылайык ишмердүүлүктү баалоонун ролу жогорулайт. Ишмердүүлүктү баалоо институту аттестациялоонун ордуна бекитилди жана мурда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында практикаланып келген. Баалоо кызматчылардын ишинин натыйжаларын жана сапатын жогорулатууда натыйжалуу механизм катары колдонулуп, жыл сайын үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Баалоонун маанисине токтолсок, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизинде ар бир органда түзүлгөн комиссия тарабынан жыл сайын аларга “5” тен “2”ге чейинки баалар коюлат. Ага кызматчыларды баалоодо жалпы критерийлер бекитилди. Анда кызматчыга жана анын ишмердүүлүгүнө обьективдүү, калыс мамиле жасалышы керек жана баалоо процедуралары ачык өткөрүлүп, баа кызматчыга кандай негиздер менен коюлганы түшүндүрүлөт.

Баалоо системасында кызматчыларды материалдык жана моралдык жактан мотивациялоо катары эмгек акы торчосунда кадамдарды ыйгаруу, кезексиз жана кезектүү класстык чендерди берүү, сыйлыктарга көрсөтүү, чет мамлекетке окууга жиберүү, улуттук жана ички резервге кирүү каралган.

Жаңы баалоонун өзгөчөлүгү, “Үлгүлүү” баа киргизилип, ал сынактан тышкары жогорку кызматка жиберүүгө мүмкүндүк берет, эмгек акы торчосуна 2 кадам ыйгарылат жана кезексиз чен алат. “Үлгүлүү” баасы 5 алган кызматчылардын ичинен аныкталат, ага 5 пайызга чейин коюлат.

Семинардын катышуучуларына баалоонун негизинде эмгек акы төөлөө шарттары боюнча түшүндүрмө берилди.

Семинар кызматташтык деминде өтүп, катышуучулар кызыккан суроолору боюнча жоопторду алышты.

Пикир

Оставить комментарий