• 88.68
  • 95
  • 0.95

Апта: Айдоочулар үчүн "сүйүнчү", айыпка жыгылган Атамбаев

Коом 0

Бул аптада айдоочулар үчүн сүйүнчү кабар чыкты: алар 4-мартка чейин камералар жаздырган жол эреже бузуулары боюнча айып пул төлөшпөйт. Айрым айдоочулар айып пул төлөй турган акчасы өзүндө калса, экс-президент Алмазбек Атамбаев 300 миң сомго айыпка жыгылды.

Атамбаев 300 миң сом төлөп берет

Экс-президент Алмазбек Атамбаев экс-депутат Акматбек Келдикбеков, мурдагы башкы прокурор Азимбек Безназаров, УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшебаевге 300 миң сом төлөп бере турган болду. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту кабыл алды.

Бул аптада сот, аты аталган үч адамдын Алмазбек Атамбаев менен "Апрель" телеаналынын башчысы Дмитрий Ложниковго карата доо арызын караган.

Алар, экс-президент "Апрель" телеканалына берген маектеринин биринде, алардын ар-намысына шек келтирип жалаа айткан деген доо арыз менен сотко кайрылып, 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Бирок, сот 18 млн. сом өндүрүп бербесе да Атамбаевди ар бир доочуга 100 миң сомдон төлөтүү бүтүмүн чыгарды. Ал эми "Апрель" телеканалы материалдык айыпка жыгылган жок.

Белгилей кетсек, доочулар ал каражатты кайрымдуулук иштерине жумшай турганы айтышты.

Коопсуз шаар: 4-мартка чейин жол эреже бузгандарга айып жазылбайт

Коопсуз шаар долбоорунун ишке киргенине 1 айдын жүзү болоюн деп калды. Ошол убакыттын аралыгында шаардын жолдорунда аз да болсо тартип ойноп калганы байкалууда. Ошентсе да баардык айдоочулар тартипке келди деп айтууга болбойт. Айрымдары камеранын көзү жетпеген жерлерде жол эрежесин бузуп жатат.

Белгилей кетсек, Коопсуз шаар иштей баштагандан тарта - 12-февралдан 28-февралга чейин 18 миң 600 жол эреже бузуу катталган. Учурда эң аз айып пул 1 миң сом болгондуктан айдоочулардын капчыгы бир топ жукарары анык. Бирок, айдоочулар үчүн жагымдуу кош жаңылык бар. Биринчиси, Коопсуз шаар иштеп баштагандан тарта 4-мартка чейин катталган жол эреже бузуулары боюнча айыптар салынбайт жана эч ким алып төлөбөйт (жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерге кармалып калбасаңыз эле).

Ал эми экинчиси, айып пулду 15 күн аралыгында төлөгөн айдоочулар 50% жеңилдик алышат. Башкача айтканда, жол эрежени бузгандыгыңыз боюнча кагаз колуңузга тийгенден тарта 15 күн ичинде айып пулду төлөсөңүз анын жарымын гана бересиз.

Тай казанды кайтарууга болот

Өткөн айда Астанадагы конгрессте көк бөрү оюнунун эрежелерине алымча-кошумча кирип, тай казанды алып салуу сунушу колдоо тапкан. Ал маселени караган конгресске Кыргызстандын атынан эч ким барган эмес. Эми, ал өзгөртүүлөрдүн негизинде быйыл Ташкентте өтө турган Көк бөрү боюнча дүйнө биринчилиги, ал эле эмес башка эл аралык мелдештер тай казансыз өтүшү мүмкүн.

Ал кырдаал баардык көк бөрү күйөрмандарын, улуттук оюнду өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп келе жаткан адамдардын нааразылыгын жаратты. Баарынан мурун тай казандын тагдырын чечкен жыйынга Кыргызстандан эч ким барбаганы сынга кабылды. Көпчүлүк ал жыйынга барбаган Жыргалбек Саматовду айыптап чыкты. Аны менен катар бул аптада "Көк Бөрүнүн" аймактардагы өкүлдөрүнүн жыйыны өтүп, алар Саматовду кызматтан алып салышты.

Ошол эле учурда, "Көк Бөрү" федерациясынын мурдагы жетекчиси Канат Исаевдин Кыргызстандын Казакстан түзгөн "Түрк элдеринин салттык оюндарынын ассоциациясына" кирүүсүнө макулдук берген чечими тай казандын алынышына негиз болгон деп айтыла баштаган.

Мындан улам Канат Исаев Жогорку Кеңеште маалымат жыйынын өткөрүп, ага карата айтылып жаткан айыптар негизсиз экенин билдирди.

Анын айтымында, ал койгон документтин эч бир жеринде "тай казанды алып салуу" өңдүү шарттар болгон эмес. Болгону Көчмөндөр оюндарында ири эсеп менен утулган Казакстан тарап кыргыз көк бөрүчүлөрүн тай казан барда жеңе албасын түшүнгөн. Ошондуктан тай казанды алып салуу маселесин көтөрүп чыккан.

Ошентсе да, ал тай казанды кайра кайтарууга болорун билдирди. Ал үчүн "Көк Бөрүнүн" жаңы жетекчилиги федерацияга мүчө башка мамлекеттер менен сүйлөшүп, тай казандын артыкчылыктуу жактарын көрсөтүп берүүсү керек.

"Бүгүнкү шарт менен барса Ташкентте оюн тай казансыз өтөт. Алдыда жарым жыл бар. Жаңы жетекчилик башка мүчөлөр менен сүйлөшүп, конгрессти чогултуп, абалды өзгөртүүгө болот. Ал соңку чечим эмес", - деди ал.

"Супербаатыр" шаар тургундарын тартипке чакырды

Шаардын айрым тургундарын шаардагы эң жөнөкөй тартипти сактоого үндөө, аткартуу оңой иш эмес. Көпчүлүгүбүз шашып жатам деген шылтоо менен жолду туура эмес жерден өтөбүз, отургучтарга бутубуз менен чыгып отурабыз, таштандыны туш келди ыргытабыз...

Тартипти сакбагандыгыбызды өткөндө бир окуя көрсөттү. Тагыраагы, жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген журналисттердин бири супермендин кийимин кийип, шаар тургундарын тартип сактоого чакырууга аракет кылган.

Алгач, Ош базарынын Киев көчөсүндө жол чыракка карабай жолдон өткөн жарандарды жашыл түскө өткөрүп турган. Көп учурда жарандар жол чырактын кайсы өңү жанганына карабай жолдон өтүүгө аракет кылышкан.

Ош базардан чыгып, ал Жаш Гвардия бульварына барган. Алгач эле отургучка бутун чыгарып отурган жигитке эскертүү берген. Ал эч кандай нааразы болбой эле бутун түшүрүп койду. Андан кийин эстеликтин алдында отурган балага барды. Ал балага "супермендин" эскертүүсү көңүлүнө жага берген жок. Аны кекетип, "колуңан эмне келет" деп кулак салбады. Орой гана жооп берип койду. Кезек отургучка бутун чыгарып отурган балага келди. Ага, тартипке чакырган баланын айткандары жага берген жок. Кызуу кандуулукка алдырып бир нече ирет сөгүнүп, "супербаатырды" тебип да жиберди. Ага карабай "супербаатыр" айтканынан кайткан жок. Акырында ал бала ордунан туруп кол көтөргөнгө өттү...

Арийне бул видео социалдык тармакта кызуу талкууга түштү. Пикир калтыргандардын көбү маданият, тартипти билбесек бизди ким сыйлайт деген суроолорун оюн жазып жатышты.

Илим Карыпбеков КТРКнын жетекчилигине талапкер болуудан баш тартты

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын учурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков КТРКнын жетекчилигине койгон талапкерлигин алып салды. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазган.

Ал баракчасындагы билдирүүсүндө, КТРКнын кызматкерлерине, ага сын айтып келген баардык адамдарга ыраазычылыгын билдирген.

"Кош деп айтпайм, көрүшкөнчө КТРК", - деп жазган Карыпбеков.

Белгилей кетсек, Илим Карыпбековдун КТРКнын жетекчиси кызматындагы иш мөөнөтү аяктап жатканына байланыштуу жаңы жетекчини тандоо боюнча сынак жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий