• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир аптада 289 мас айдоочу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бир аптанын ичинде 16 миң 480 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу – 3231;
- автоунаанын тиешелүү документи жок – 239;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 4631;
- автоээнбаштык – 2;
- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 495;
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 60;
- жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6522;
- айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 30;
- мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 289.

Унаа токтотуучу жайга1302 автоунаа токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий