• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

УКМК төрагасы турак жайга муктаж жалгыз бой энеге бир бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды

Коом 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 1958-жылы туулган Нарын облусунун Кочкор районунун Туз айылынын тургуну 65 жаштагы Мамбеталиева Марипа Садыбакасовнага бир бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Буга чейин Марипа Мамбеталиева үй-бүлөлүк оор шартына байланыштуу Бишкектеги батирлерде көчүп конуп жашап жүргөн. 2 кыздын жана эки уулдун апасы.

Жолдошу жана бир уулу каза болгондуктан, неберелерин өз кароосуна алган. Андыктан турак жайы жок жалгыз бой апага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден жардам сурап кайрылган. Жыйынтыгында Марипа Мамбеталиеванын суранычы канааттандырылып, Камчыбек Ташиев ага борбор калаадан бир бөлмөлүү батир белек кылды. Мындан ары Мамбеталиева аталган үйдө неберелери менен жашай тургандыгын айтып, УКМК төрагасына ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү маалыматтык системасынын маалымат базасынын маалыматы боюнча Мамбеталиеванын жана анын жакын туугандарынын буга чейин бир дагы кыймылсыз мүлкү катталган эместиги тастыкталган.

Пикир

Оставить комментарий