• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык каскадерлор Россиянын “Тобол” тасмасына тартылышты

Коом 0

Бишкек, 25-апрель /Айжамал Дуйшоева-Кабар/. Кыргызстандык каскадерлор Россиянын “Тобол” тасмасынын съемкаларына катышышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине каскадер Адилет Акматов билдирди.

Анын айтымында, Алексей Ивановдун романын мотиви боюнча тартылган “Тобол” толук метраждуу жана 8-сериялуу тасмага Казакстан, Кыргызстан, ошондой эле Россиянын каскадерлору катышты. Тасма Россиянын Тобольск шаарында тартылды.

“Кыргызстандан 14 адам бардык. Биздин балдар негизинен ат үстүндөгү ыкмаларды аткарышып, роль коштоочу катары катышышты, алар бийиктен кулап, өрттөнүштү, жарылуулардан учушту. Мен бул жолу ыкмаларды аткарган жокмун, ыкмалардын координаторунун ассистенти болдум, сахналаштырдык”,-деди ал.

Кыйынчылыктар тууралуу А.Акматов аба ырайынын гана катаал болгонун белгиледи. “Биринчи жумада абдан суук болуп, иштөө кыйынчылыктар менен коштолду, бирок кийинчерээк аба ырайы жылып, иштөөгө жеңил болду”,-деген каскадер, тасма 2018-жылы көрсөтүлө турганын кошумчалады.

Тарыхый-күлкүлүү окуяларга бай "Тобол" тасмасы петровдук кайра куруу доорунда Сибирди кайра өздөштүрүүдөгү катаал, талаш-тартыштуу процесстер, алгачкы сибирь губернатору, князь Матвей Гагарин жана орус агартуучусу Семен Ремезов тууралуу баяндайт.

Пикир

Оставить комментарий