• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМдин Ички аскерлеринде окуу-усулдук жыйын өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 08.07.23. /Кабар/. ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчылыгынын башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн башчылары жана түштүк-батыш, түндүк-чыгыш аймактарында жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн командирлери менен окуу-усулдук жыйын өткөрүлдү.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чара 5-7-июль күндөрү өтүп, офицерлер заманбап курал-жарактарды жана аскердик техникаларды өздөштүрүү жаатында өздөрүнүн жөндөмдөрүнүн жогорулатышты.

Ички аскерлердин кол башчысынын орун басарларынын жетекчилиги астында офицерлер азыркы күжүрмөн шарттарда бөлүктөрдү колдонуунун жаңы формаларын жана ыкмаларын эске алуу менен күжүрмөн даярдык боюнча сабактарды уюштурууну, ошондой эле бирдиктүү ишти иштеп чыгууну үйрөнүштү.

Жыйындын соңунда, анын катышуучуларына ИИМдин Ички аскерлеринин борбордук музейи көргөзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий