• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусунда 1,6 миң үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Аймак 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Баткен облусунда 1 миң 600 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда, - деп билдирет өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү өзгөчө кырдаал учурунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү жана уюштуруу иштерин улантууда.

"Бул ирет Эл аралык гуманитардык уюм тарабынан жалпы 1 миң 600 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамы берилүүдө. Бүгүнкү күнгө Баткен облусунун аймагында оор шартта жашаган жалпы 30 миң 133 жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 1381,5 тонна ун, 57879 литр өсүмдүк майы, 44218 кг макарон, 8 млн 270 миң сомдук ар түрдүү азык-түлүк баштыктары таратылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий