• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Катар кайрымдуулук уюму Жалал-Абад шаарында ооз ачар баштыгын таратууда

Аймак 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Катар кайрымдуулук уюму Жалал-Абад шаарында ооз ачар баштыгын таратууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Катар кайрымдуулук уюму Рамазан айынын урматына даярдалган алгачкы баштыктарды санэпид көзөмөлдөө борборунун кызматкерлерине, кургак учукка каршы күрөшүү борборунун дарыгерлерине жана анда дарыланып жаткан бейтаптарга, Акжол реабилитациялоо борборунун эмгек жамаатына, андагы балдарга таратты. Тамак-аш, суусундуктан турган баштык бул жолу 600 адамга берилди.

Алдыда мындай баштыктар күч түзүмдөрүнө, тазалык кызматына, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана балдар үйүнө таратылат. Отуз күндүк орозодо жалпы 4 миң адамдын иштеген же жашаган жерине жеткирип беришет.

Аталган уюм Кыргызстанда 4 жылдан бери иш алып барууда. Уюм тарабынан бул аралыкта 8 ФАП, турмуш-шарты оор 4 үй-бүлөгө турак жай курулган. Ошондой эле 7 миңден ашык атасыз балдарга ай сайын жөлөк пул төлөнүп келет.

Пикир

Оставить комментарий