• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто бажычылар наркы 1,4 млн сомду түзгөн контрабандалык күрүчтү алып өтүүгө бөгөт койду

Аймак 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. «Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери жалпы наркы 1 млн 400 миң сомду түзгөн контрабандалык күрүчтү алып өтүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери тарабынан Ош-Ноокат унаа жолунда SCHMITZ үлгүсүндөгү жарым чиркегичи менен Scania үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган.

Текшерүү учурунда унаанын жүк салынуучу бөлүгүнөн 400 даана желим баштыктарга салынган, жалпы салмагы 20 миң кг болгон «Лазер» күрүчү табылган.

«Э-О» ЖЧКсынын корутундусуна ылайык, кармалган товардын жалпы орточо базар баасы 1 млн 400 миң сомду түзөт.

Аталган факт КББР АДС МКЖда катталып, чогултулган материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Ош шаарынын прокуратурасынын тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Бүгүнкү күндө товардын ээси Т.У.А. аттуу жаран кармалган товарларды бажы тариздөөдөн өткөрүп, 328 миң сом өлчөмүндөгү тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөгөн.

Пикир

Оставить комментарий