• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мирлан Байгончоков Бишкектин биринчи вице-мэри болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп Бангончоков Мирлан Конушбекович дайындалды.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечим КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясында кабыл алынды, анда экономиканы өнүктүрүү жана кирешени көбөйтүү, жергиликтүү бюджеттин резервин аныктоо жана салыктык жана салыктык эмес кирешелерди башкарууну жакшыртуу боюнча милдеттер коюлду, ошондой эле 2026-жылга чейинки “Бишкек – 2026. Жакшыртуу жана жашыл борбор” Бишкек шаарын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу башкы милдет болмокчу.

"Байгончоков Бишкек шаарынын мэриясынын Экономика жана инвестициялар департаментинин жана шаардык чарба департаментинин ишин шаардык булактардан шаардын жашоо тиричилигин камсыздоо тутумдарынын ишмердүүлүгүн каржылоо бөлүгүн координациялайт", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле башка буйрук менен Сазыкулов Максатбек Шекербекович турак жай коммуналдык чарба жана санариптештирүү боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды.

Бишкек шаарынын вице-мэри Шаршеналиев Нурлан Алтымышовичке муниципалдык мүлк, жер пайдалануу, курулуш жана архитектура маселелери боюнча функциялар берилди.

Бишкектин социалдык маселелер боюнча вице-мэри Мозгачева Виктория Андреевнага жаштар менен иштөө жана туризм маселелери боюнча кошумча тапшырмалар берилди.

Бишкек шаарынын вице-мэри буга чейин шаар куруу жана архитектура маселелерин жетектеп келген Узаков Азат Сапарбаевич транспорт маселесин көзөмөлдөйт.

Пикир

Оставить комментарий