• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжайда милиция кызматкери сууга чөгүп жаткан кишини куткарып калды

Аймак 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Кадамжайда милиция кызматкери сууга чөгүп жаткан кишини куткарып калды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 6-июлда Баткен облустук милициясынын кызматкерлери жарандардын коопсуздугун сактоо жана коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында кызматтык милдеттерин Жийделик көлүнүн айланасында аткарып жүрүп, сууга чөгүп бараткан кишини байкап калган. Көлдөгү атайын куткаруучулар сууга чөгүп жаткан кишини куткарууга алы жетпей жатканын көргөн милициянын улук сержанты Расулжан Астанов сууга чөккөн жаранды куткарып калган.

Куткарылган жаран Ош облусунун Алай районунун 41 жаштагы Алибаев Исраил аттуу тургуну экендиги белгилүү болуп, ал милиция кызматкерлерине өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.

Милициянын улук сержанты Расулжан Астанов ички иштер органдарында төрт жылдан бери кызмат өтөп, 7 жолу ар кандай кылмыштын бетин ачууга катышкан. Былтыр да ушул көлдө кызмат өтөп жүрүп, бир жаранды сууга чөккөн жеринен куткарып калган.

Пикир

Оставить комментарий