• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. Баткенде эвакуациялоо иштерине 7851 куткаруучу тартылган

Аймак 0

Бишкек, 23.09.22. /Кабар/. Тажикстандын куралдуу кол салуусу учурунда Баткен облусундагы элди эвакуациялоого Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамынан 582 куткаруучу жана 69 бирдик техника талтылган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн брифингде министрдин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, облустук жарандык коргонуу кызматтарынан 7 миң 268 кызматкер, 321 техника тартылган.

“Ошентип куралдуу жаңжал учурунда жалпы 7 миң 851 кызматкер жана 390 техника элди эвакуациялоо иштерин алып барган”, -деди ал.

Мындан тышкары, Шамырканов жаңжал учурунда талкаланган турак жайларды тактоочу атайын комиссия иштерди улантып жатканын белгиледи.

“Учурда комиссия талкаланган 613 турак жайдын 426сы жашоого жараксыз, 187 оңдоп-түзөөгө муктаж деген жыйынтык чыгарды. Ошондой эле 9 административдик имарат, 15 социалдык мекеме, 323 сарай, 171 турмуш-тиричиликти камсыздоо объектиси талкаланганы аныкталды”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий