• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кепилдик фонду жана "FINCA Банк" портфелдик кепилдиктерди берүү боюнча кызматташуу келишимине кол коюшту

Экономика 0

Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. “Кепилдик фонду” ААК менен “FINCA Банк” ЖАК ортосунда №2 программанын алкагында портфелдик кепилдиктерди берүү боюнча кызматташуу боюнча эки келишимге кол коюлду.

Фонддун маалымат кызматы билдиргендей, документтерге "Кепилдик фонд" ААК жана "FINCA Банк" ААК башкармалыктарынын төрагалары Малик-Айдар Абакиров жана Махмуджон Сайдахматов кол коюшту.

Макулдашуунун максаты ишкерлердин милдеттемелиринин бир бөлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле фонд менен банктын ортосунда кредиттик тобокелдикти бөлүштүрүү.

Тараптар Портфелдик Кепилдик Каттоо системасында (ПКТС) ылайыктуу каржылоо келишимдерин каттоонун жалпы принциптерин, шарттарын жана механизмдерин карманууга ниеттенишет.

Экинчи макулдашуунун алкагында ишкердик субъекттеринин милдеттенмелеринин бир бөлүгүн камсыз кылуу үчүн каржылоо процессине күрөөсүз каржылоо келишимдери боюнча микро кепилдиктерди каттоо механизми киргизилген.

Микрокепилдиктерди каттоо тутумунун максаты (МКС) – “Кепилдик фонд” ААК менен "FINCA Банк" ЖАК ортосунда каржылоонун кайтарылбай калуу тобокелдигин бөлүшүү жолу менен ишкердик субъекттер үчүн каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле микро-ишкердик сегментин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.

Каржылоо келишимдерин ПКТС жана МКСда каттоодо “автоматтык” принциби колдонулат, бул белгиленген критерийлерге жооп берген ишкердик субъекттер үчүн бардык каржылоо келишимдери системага автоматтык түрдө киргизилиши керектигин билдирет.

"Кепилдик фонд" ААК менен "FINCA Банк" ЖАКтын ортосундагы каржылоо келишими боюнча ар кандай айыптык санкциялар «пари-пассу» принциптери боюнча пропорционалдуу бөлүштүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий