• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Кайрымдуулук айы". Баткенде 61 балага жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Баткен шаарында кайрымдуулук иш-чарасы өтүп, ата-энесинен ажыраган 61 балага окуу куралдары жана акчалай жардам берилген. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аны менен катар ата-энесинен ажыраган үч балага өкүл ата, өкүл эне дайындалып, сертификаттар тапшырылды. Алар мындан ары балдарды өз камкордугуна алышат. Аталган иш-чараны жергиликтүү бийлик “Баткен Ыйман Нуру” коомдук фонду менен биргеликте уюштурган.

Белгилей кетсек, ыйык Орозо айы Баткен облусунда “Кайрымдуулук айы" деп жарыяланган. Анын алкагында жер-жерлерде муктаж болгондорго жардам көрсөтүү иш-чаралары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий