• 88.68
  • 95
  • 0.95

Байге фонду 100 миң сом. Чолпон-Атада ат чабуу боюнча Тайтору кубогу өтөт

Спорт 0

Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында 15-апрелде кыска аралыкка ат чабуу боюнча Тайтору кубогу өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, аргымактар 1200, 1600, 1800, 1400, 2000 метр аралыкка чабылат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, акчалай сыйлык жана медалдар тапшырылат.

Жалпы байге фонду 100 миң сомду түзөт.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Аргымак федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий