• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда бүгүндөн тарта муниципалдык унаа базары иштей баштайт

Аймак 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жаңы муниципалдык унаа базары бүгүн, 25-марттан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал эми буга чейин иштеп келген жеке менчик унаа базары ишин токтотот.

Эскерте кетсек, муниципалдык унаа базары Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкармалыгынын Манас көчөсүндө жайгашкан.

Базарга төрт жактан кирүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий