• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2017-жылы тигүүчүлүк тармагынын экспорту 19%га өскөн – Экономика министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 13.11.18. / Кабар/. Кыргызстандын экономикасында тигүүчүлүк жана текстиль тармагы алтын жана айыл чарбадан кийин 3-орунда турат. Бул тууралуу КРнын экономика министринин орун басары Элдар Абакиров “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы тигүүчүлүк өндүрүштөрүнүн экспорту 8 млрд. сомду түзүп, 19%га өсүш болгон.

“2018-жылдын 8 айында экспорт 8 млрд. 80 миң сомду түзүп, 20%га өсүш болгон. Товарлардын 80-90%ы Россиянын базарларына кетсе, экинчи орунда Казакстан турат”, - деди ал.

Ички дүң өндүрүмүнө салыштырып карасак, министрдин орун басарынын айтымында, 2017-жылы өсүш 13,5%ды, 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында 25%ды түзгөн.

“Жаңы жумушчу орундарын түзүүдө бул тармактын орду чоң. Болжолу 200 миң адамды жумушчу оруну менен камсыз кылат”, - деди Э. Абакиров.

Пикир

Оставить комментарий