• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде «Түштүк-2021» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу башталды

Аймак 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 2-сентябрда Баткен шаарында «Түштүк-2021» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалыматтык иштер башкармалыгы

Аземге КР Коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын башчылары, республиканын укук коргоо жана башка администрациялык ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле, «Түштүк-2021» машыгуусунун түздөн-түз катышуучулары катышты.

Генерал-майор Т. Өмүралиев өзүнүн куттуктоо сөзүндө бул машыгуунун маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун, жалпысынан алганда биздин жоокерлерибиздин аскердик кызматынын коомдук-саясий маанисин белгиледи. “Үйүңдү, Ата-Мекенди коргоодон өткөн сыймыктуу жана ыйык милдет жок экендигин биздин өлкөнүн аскер кызматкерлери, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери далилдешүүдө» – деди ал.

Андан сырткары бул машыгуунун алкагында аскерлердин тапшырмаларды аткарууда күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгынын чыныгы абалы текшерилерин кошумчалады.

Машыгуунун жүрүшүндө аскердик башкаруу органдарын жогорку даражадагы күжүрмөн даярдыкка келтирүү боюнча практикалык иш-чаралардын комплексин аткаруу, ал эми мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын аскердик абалды киргизүү шартында баш ийген структураларга жана бөлүмдөргө жетекчилик кылуу боюнча иштөөгө даярдоо жаатындагы практикалык иш-чаралар иштелип чыгат.

Мындан сырткары, аскердик, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарда аскер абалы киргизилген шарттарда кырдаалды турукташтыруу боюнча резервдеги батальондорду жана түзүлүштөрдү практикалык мобилизациялоо иш-чараларынын комплексин аткаруу ал эми запастагы түзүмдөрдүн өздүк курамы ок атуу боюнча көнүгүүлөрдү ийгиликтүү аткаруу боюнча практикалык тажрыйбага ээ болушат.

«Түштүк-2021» биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгуусуна 1,5 миңден ашык жаран катышып, КР Коргоо министрлиги, Ички штер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана УКМКнын Чек ара кызматынан 200дөн ашык аскер кызматчылары тартылат.

Пикир

Оставить комментарий