• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда кызмат учурунда каза болгон милиционерлер эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад ОИИБдин имаратында кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлерин эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Облустук милициядан билдиришкендей, ага Жалал-Абад ОИИБдин өздүк курамы, ИИОнун ардагерлери, кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жубайлары жана жакындары катышышты.

Иш-чаранын катышуучулары тарабынан эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, куран окулуп, каза болгон кызматкерлер эскерилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басары Нурбек Сыдыков сөз сүйлөп, кызматтык милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарууда өз жанын аябай, кылмышкерлер менен кармашууда каза болгон кызматкерлер эч качан унутулбай тургандыгы белгиледи. Алардын жасаган эрдиктери келечек муундарга дем берээри, жаш кызматкерлерге үлгү болору айтылды.

Белгилей кетсек Жалал-Абад облусунда 1954-жылдан тартып кызмат учурунда 32 кызматкер каза болгон болсо, анын ичинен 16сы кылмышкерлердин колунан каза тапкан.

Пикир

Оставить комментарий