• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде түшүм мол болуп, оруп-жыйноо 10 күн мурда башталары күтүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Баткенде түшүм мол болуп, оруп-жыйноо 10 күн мурда башталары күтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалымат ылайык, 9-апрелде Баткен облусунун тоолуу айылдарына жааган кар мөмөлүү бактарга канчалык зыян келтиргендигин, жер жерлерде түзүлгөн атайын комиссия иликтеп жатат.

Адистердин айтымында, ал эми кылкандуу дан эгиндерине кардын жааганы зыян келтирбейт.

Учурда күздүк кылкандуу дан толугу менен кошумча азыктандырылды. Отоо чөптөргө каршы дарылар берилип, сугаруу иштери жүрүүдө. Облуста 5007 гектарга күздүк дан эгиндери себилген.

Быйылкы жылы жаз өткөн жылга салыштырмалуу эрте келди, буга байланыштуу оруп-жыйноо иштери 10 күнгө эрте башталаары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун Кадамжай районунда Кыргызстанда биринчилерден болуп, оруп-жыйноо жумуштары башталат. Кадамжайлык дыйкандар быйыл түшүмдүн мол болушун күтүп жатат. Былтыр гектарынан 2,8 тонна түшүм алынган болсо, быйыл 3 тоннадан алуу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий