• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кеминде муктаж болгон 20 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Аймак 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Кемин шаарында муктаж болгон 20 үй-бүлөгө 1500 сомдук азык-түлүк жана 1000 сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жардам Кемин шаарынын борбордук мечитинин, "Рашид" мечитинин, "Станция" мечитинин жаматтары, ошондой эле шаардын тургундары тарабынан чогултулган.

Белгилей кетсек, жардамдын жалпы суммасы 50 миң сомду түздү. Жардам алган үй-бүлөлөр демөөрчүлөргө жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти..

Пикир

Оставить комментарий