• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ өлкө аймагында жарандар жылынуучу пункттарды уюштурду

Коом 0

Бишкек, 11.01.23./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында жарандар жылынуучу пункттарды уюштурду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 10-13-январда абанын температурасы кескин төмөндөгөндүктөн, материалдык чыгымдарга учуратпоо, энергетикалык тутумдардын үзгүлтүксүз иштөөсүн, автоунаа жолдорунда коопсуз каттамды камсыздоо, жайыттарда малдарды чыгымсыз кармоо максатында Жарандык коргонуу башчысынын орун басары – өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев тиешелүү тармактарга ыкчам чара көрүүнү тапшырды.

Мындан улам автоунаа жолдорунда каттамдар жабылганда, чектөөлөр киргизилгенде жүргүнчүлөргө кам көрүү максатында Бишкек-Ош автоунаа жолунда Арал, Сосновка постторунда, Өтмөк ашуусуна жакын жайгашкан Талас районунун Осмонкул айыл аймагында жана Бишкек – Токмок автоунаа жолунун боюнда Кант шаарында ӨКМдин аймактык башкармалыктары менен биргеликте жергиликтүү бийилик тарабынан жылынуучу, тамактануучу пункттар уюштурулду.

Ал эми калк көп жашаган Бишкек, Ош шаарларында муктаж жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар жергиликтүү бийилик тарабынан уюштурулган. Тактап айтканда, Ош шаарында бир пункт, Бишкек шаарында 4 пункт иштеп жатат.

Мындан сырткары, Бишкек шаарынын Свердлов районунда 3, Ленин районунда 3, Биринчи май районунда 1 жана Октябрь районунда 2 чатыр тигилип, жылынуучу пункттар уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий