• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрөбаев: Керектөөчүлөргө жылуулук үзгүлтүксүз жана сапаттуу жеткирилиши керек

Өкмөт 0

Бишкек, 11.01.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Бишкекжылуулуктармагы” – “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун филиалы жана Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасына барып, тиешелүү жооптуу жетекчилерге борбордогу көп кабаттуу үйлөрдү, бюджеттик жана социалдык мекемелерди жылуулук менен үзгүлтүксүз жана сапаттуу камсыздоону тапшырды.

“Өлкөдө жылытуу мезгили учурунда эч кандай маселе жаралбашы керек. Ал үчүн түздөн-түз тиешелүү ишканалардын жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилери ар кандай жагдайларды алдын алып, дыкат иш жүргүзүүсү зарыл. Буга чейинки аткарылган иштердин жыйынтыгы кыш мезгилинде билинет”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Учурда борбордун жылуулук берүүчү ишканалары штаттык режимде иштеп, бардык керектөөчүлөргө жылуулук үзгүлтүксүз жеткирилип жаткандыгын билдиришти.

Жылуулук камсыздоочу ишканалардын насостук станцияларында, отказандарында, көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүндөгү жылуулук бөлүштүрүүчү түйүндөрдүндө жылуулуктун жана батирлердеги абанын температурасы өлчөнүп, жылуулук нормалдуу берилип жатканы белгилүү болду.

“Жылытуу мезгили аяктаганга дагы убакыт бар. Ушуга байланыштуу, тиешелүү министрликтин, мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын жана мекемелердин жетекчилери күтүлбөгөн жагдайлар болуп кетпеши үчүн, абалды күнү-түнү көзөмөлдөп, жөнгө салып турушу зарыл. Ал эми күз-кыш мезгилинен өтүүнүн жыйынтыгы убагында өзүнчө каралып баа берилет”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий