• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Былтыр президенттик администрацияга жарандардан 20 миңге жакын кайрылуу келип түшкөн

Өкмөт 0

Бишкек, 11.01.23./Кабар/. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жарандардан 19 844 кайрылуу келип түшкөн.

Кайрылуулардын көп бөлүгү Бишкек шаарынын тургундарынан – 4742 кат түшкөн (жалпы каттардын 37,5%ы). КМШ мамлекеттеринде жана алыскы чет өлкөлөрдө жашаган жарандардан 101 (жалпы каттардын 0,8%ы) кайрылуу түшкөн. Жарандардын бардык кайрылууларынын үчтөн бирин сот жана укук коргоо органдарынын ишине карата даттануулар жана арыздар түзөт – 3512 (27,8%). Турак жай жана аны куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселеси боюнча 1580 жаран (12,5%) жана жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү башка маселелер боюнча 1162 жаран (9,2%) кайрылган. 1314 жаран (10,4%) социалдык кызматтардын ишине, эмгек акынын, пенсия жана жөлөкпулдардын аздыгына, жеңилдиктерди жана материалдык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле дарыланууга жана кымбат баалуу операцияларга каржылык колдоо көрсөтүүгө тийиштүү даттанышкан.

Саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият маселелери боюнча – 758 жаран (6,0%), мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо, жарандык берүү жана ырайым кылуу боюнча – 745 (5,9%), курулуш, архитектура, транспорт жана коммуникация тармагында – 366 (2,9%), кредиттер боюнча карыздарды төлөө жана анын мөөнөтүн узартуу, кредиттерди жана ссудаларды берүү боюнча (пайызсыз же төмөн пайыз менен) - 303 (2,4%) жаран кайрылган.

Бардык келип түшкөн кайрылуулар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүндө каралып, ошондой эле аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карооcуна анын натыйжалары тууралуу арыз ээлерине маалымдоо иретинде жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий