• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

23-марттан тарта интернет өчүрүлөбү? – Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жообу

Коом 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов мессенджерлерде таратылган 23-марттан тарта интернет өчүрүлөт деген маалымат боюнча жооп берди.

Белгилүү болгондой бүгүндөн тарта Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Буга байланыштуу социалдык тармактар аркылуу ар кыл маалыматтар таратылып жатат. Мындан улам ага мессенджерлерде өлкөдө 23-марттан тарта 8-апрелге чейин интернет өчүрүлөт деген маалымат таратылып жатат, бул маалымат туурабы деген суроо берилди.

"Бул маалымат чындыкка дал келбейт", - деди Ахматов.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 14кө жетти (6 эркек, 8 аял):

Баткен облусу – 1 адам;

Сузак району – 8 адам;

Ноокат району – 3 адам;

Бишкек шаарында – 2 адам.

Пикир

Оставить комментарий