• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын мурдагы элчиси Жаныш Рустенбеков дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 11.07.23./Кабар/. Рустенбеков Жаныш Султанкуловичтин 74 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Рустенбеков Жаныш Султанкулович 1949-жылы 25-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Октябрьское айылында туулган.

1977-жылдан тартып мамлекеттик кызматта жүргөн, 1990-1994-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин (1993-ж. баштап Жогорку Кеңеш) 12-чакырылышынын («Легендарлуу парламент») депутаты.

1993-1994-жылдары Мамлекеттик катчы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси, 1994-1995-жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында Мамлекеттик катчы кызматтарын аркалаган.

1995-1996-жылдары Ош облусунун губернатору болуп иштеген.

1996-2000-жж. КР Өкмөтүнө караштуу Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору кызматын ээлеген.

2000-2005-жылдары – КР Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Стратегиялык өнүгүү, өнөр жай жана ишкердик комитетинин Төрагасы.

2005-2007-жж. КР өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.

2007-2022-жж. Кыргыз Республикасынын Казакстандагы, Түркмөнстандагы жана Тажикстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси.

"КР Тышкы иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын, КР чет өлкөдөгү мекемелеринин жана дипломатиялык кызмат органдары системасынын ведомстволук уюмдарынын жамааттары мурдагы элчинин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий