• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атамбаевдин иш бөлмөсүнө тыңшоочу аппарат коюу аракети болгонбу? УКМКнын расмий жообу

Коом 0

Бишкек. 24.05.19 /Кабар/. Бишкектеги "Форум" имаратындагы Алмазбек Атамбаевдин жана Фарид Ниязовдун иш бөлмөсүнө тыңшоочу аппарат коюу аракети болгон деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМКнын кызматкери "Форум" ишканасынын кызматкерлерин Атамбаевдин кабинетине тыңшоочу аппарат коюуга мажбурлады деген маалымат дагы – калп.

УКМКнын маалымат кызматы бул маалыматты провокациялык билдирүү деп эсептейт.

"Айрым саясатчылар өзүнө пиар кылыш үчүн, өзүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеш үчүн атайын кызматка каршы негизсиз дооматтарды келтирүүдө", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

УКМК негизсиз дооматтарды коюудан алыс болууга чакырды.

"Форумдун" өкүлдөрү бул окуянын чоо-жайын териштириш үчүн укук коргоо органдарына кайрылса болот, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин "Форумда" иштейм деген адам аны УКМКнын кызматкерлери "кызматташууга" чакырып, Атамбаевдин жана анын жансакчысы Дамир Мусакеевдин иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппарат коюуну талап кылышканын билдирген. Мындай маалыматты баяндаган видео тасманы КСДП тараткан.

Пикир

Оставить комментарий