• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда машыктыруучулардын айлыгы көтөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 24.05.19. /Кабар/. Кыгызстанда спорттук машыктыруучулардын айлыгы 50 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев билдирди.

Анын айтуусунда, өлкө боюнча 1700 машыктыруучу бар.

"Өкмөт айлык акыны көтөрүүгө 103 млн. сом бөлүүдө. Бул машыктыруучулар үчүн чоң жардам. Бүгүнкү күндө атайын билими жок машыктыруучу 4 миң сом, атайын орто билимдүү машыктыруучу - 4 миң 800 сом, жогорку билимдүү машыктыруучу - 5 миң 600 сом, машыктыруучу - 7 миң 300 сом, башкы машыктыруучу - 8 миң сом алат. Айлык көтөрүлсө анда, башкы машыктыруучу 12 миң сом, машыктыруучу - 10 миң 800 сом, жогорку билимдүү машыктыруучу - 8 миң 400 сом, атайын орто билимдүү машыктыруучу - 7 миң 200 сом жана атайын билими жок машыктыруучу - 6 миң сом алат", - деп кошумчалады Арпачиев.

Пикир

Оставить комментарий