• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча келишимге келерки жумада кол коюлушу мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. “Коопсуз шаар” долбоору боюнча келишимге келерки жумада кол коюлушу мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди.

Анын айтымында, экинчи орунду алган компаниянын арызданууларын кароо боюнча көз карандысыз комиссия өзүнүн чечимин чыгарышы керек.

“Мен келерки жумада келишимге кол коюлат деп үмүттөнөм”, - деди ал.

Андан тышкары Шаршембиев 2019-жылдын 1-январына карата бардык комплекстер орнотулуп, иштей баштаарын белгиледи.

Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн онлайн аукцион өткөрүлгөн. “Коопсуз шаар” долбоору боюнча аукциондун жыйынтыктары боюнча “Вега” радиоуктуруу концерни жалданма компания катары аныкталган. 2,5 миллиард сомдук тендер 4-сентябрда онлайн режимде өткөрүлгөн.

Аукцион 2 айлампаны камтыган. “Вегага” дагы бир россиялык компания “Маалыматтык системалардын коопсуздугу” компаниясы атаандаштык кылган.

Эң төмөн бааны “Вега” радиокуруу концерни акционердик коому сунуштаган. Биринчи айлампа боюнча 1,125 миллиард сом, экинчи айлампа боюнча 1,195 миллиард сом.

Пикир

Оставить комментарий