• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркияда этникалык кыргыздар булгаарыдан жасалган буюмдарды чыгаруучу ателье ачышты

Коом 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Түркиянын Ван провинциясынын Йенифакылы шаарчасында жашаган этникалык кыргыздар булгаарыдан жасалган, байыркы кыргыздардын оюм-чийимдери түшүрүлгөн буюмдарды чыгаруучу ателье ачышты.

haberler.com сайты жазгандай, этникалык кыргыздар Ван провинциясына 1982-жылы Чоң жана Кичи Памирден көчүп барышкан. Этникалык кыргыздар жаныбарлардын терилерин иштеп чыгышып, андан ээр токум, кур, капчык, сумка жасашат. Кыргыз эли мындай жол менен өзүнүн маданиятын улантып, жасаган буюмдарын сатып, жан багышууда.

Шаардын мэри Ялчын Карадавут билдиргендей, Түркияда аттын ээр токумдарын даярдаган биринчи өндүрүш цехи ачылды.

“Чоң жана Кичи памирлик кыргыздар бул жерде өздөрүнүн салттуу кол өнөрчүлүгүн улантууга аракет жасап жатышат. Биз досторубузга муниципалитеттин бардык мүмкүнчүлүктөрүн түзүп беребиз. Бир туугандарыбыз жакшы киреше таап, жан багууну улантууда”, - деген ал.

Пикир

Оставить комментарий