• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

3-июлга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 02.07.19. /Кабар/. Эртең, 3-июлда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында нөшөр болот. Тоо этектеринде мөндүр жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 21…26, Талас облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 21…26 градус.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31, Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда түнкүсүн 19…24, күндүз 22…27 градус.

Эртең Бишкекте күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 24…26 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий