• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөн районунда милиция кызматкери жарандын өмүрүн сактап калды

Коом 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Өзгөн районунда милиция кызматкери өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган жарандын өмүрүн сактап калган. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 4-февраль күнү саат 11:45 чамасында Өзгөн РИИБинин участкалык кызматкери А.Алиевге белгисиз жаран телефон чалып, Өзгөн районунун Кароол айыл аймагына караштуу Шералы айылынын Кара-Дарыя көпүрөсүндө белгисиз атуул жипке асынып, өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасап жаткандыгы жөнүндө кабарлаган.

Алиев окуя болгон Шералы айылынын Кара-Дарыя көпүрөсүнө ыкчам жетип барып, өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган жасап жаткан Шералы айылынын 40 жаштагы К.К.З аттуу тургунун жиптен бошотуп, алгачкы медициналык жардам көрсөткөн. Натыйжада ал адам тирүү калган.

Бул окуя Өзгөн РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жаран эмне себептен андай кадамга баргандыгын тактоо боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жабырлануучу учурда Өзгөн шаарындагы бейтапканада дарыланууда. Абалы жакшы.

Пикир

Оставить комментарий