• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖК делегациясы Мамдуманын комитет төрагасы Калашников менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин делегациясы Мамлекеттик Думанын КМШ иштери, Евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Леонид Калашников менен жолугушту.

Делегациянын курамында ЖК төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев депутаттар Медербек Алиев жана Сеидбек Атамбаев бар.

Жолугушууда Нурланбек Азыгалиев белгилегендей, тараптар парламенттер аралык диалогдун бардык аянтчаларында, атап айтканда КМШ ПААнын, ЖККУ ПАнын жана башка эл аралык уюмдардын алкагында жигердүү кызматташып келүүдө.

Муну менен катар Нурланбек Азыгалиев кыргызстандыктардын чет өлкөдө мыйзамдуу эмгектенүүсүнө жеңилдетилген шарттарды түзүү маселелерине токтолуп, миграциялык саясатты өнүктүрүү багытындагы алакаларды арттыруу керектигин белгилеп: «Россиялык тараптын Кыргызстанга ар тараптуу колдоосун жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жасалып жаткан иштерин оң баалайбыз», - деди.

Андан тышкары, төраганын орун басары эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин берүү, тараптардын мамлекеттеринин аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргызстан жана Россия жарандарынын тизмесин алмашуу жаатындагы маселелерди көтөрдү.

Өз кезегинде, Леонид Калашников россиялык тарап эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерге, өзгөчө парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого өзгөчө маани берерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий