• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМ башчысы: Садыр Жапаровдун Японияга сапары эң жогорку деңгээлде өттү

Саясат 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Японияга болгон расмий сапары эң жогорку деңгээлде өттү. Пландалган сүйлөшүүлөр жана жолугушуулардын баары өттү. Бул тууралуу КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымына караганда, бул Садыр Жапаровдун күн чыгыш өлкөсүнө болгон алгачкы визити.

"Визиттин алкагында Япониянын премьер-министри Фумио Кисида, аталган өлкөнүн бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуулар болду. Япониянын премьери менен болгон жолугушууда Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташтыктын абалы жана келечеги талкууланды. Өз кезегинде япония тарап да Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөргө кылдат көз салып турат", - деди ал.

Кулубаев ошондой эле Япония учурда Япония — Борбордук Азия платформасынын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурууда деп кошумчалады.

"Садыр Жапаровдун визитинин алкагында тараптар күн тартибиндеги маанилүү маселелер боюнча пикир алышты. Жыйынтыгында Кыргызстан менен Япония саясий декларация кабыл алды. Бул өз кезегинде эки тараптуу байланыштын жогорку деңгээлин көрсөтүп турат. Мындан тышкары, саламаттык сактоо, юстиция, акча-кредит, дипломатия тармагында келишимдерге кол койдук", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий