• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Ийгиликке кадам” медиафорумунун ачылышына маданият министри Кайрат Иманалиев катышты

Аймак 0

Бишкек, 08.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Нарын шаарында “Аймактык медиалар бүгүн жана эртең” темасындагы республикалык II “Ийгиликке кадам” медиафорумунун ачылышына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышты.

Иманалиевдин айтымында, маалымат доорунда жашап жаткандыктан журналистика тармагында жаңы жанрлар пайда болууда. “Элдин ишениминен алыстап калбаш үчүн ЖМК өкүлдөрүндө милдет, жоопкерчилик бар экендигин унутпаш керек. Бүгүнкү иш-чарада кастык тил, укук, алдыдагы шайлоо маселеси, пандемия жана башка темалар камтылгандыктан катышуучулар үчүн жакшы сабак болот деп ишенем”, - дейт министр.

Ал министрликте медиа тармагын өнүктүрүү боюнча концепция иштелип чыккандыгына токтолду. “Концепцияда ЖМК кандай жолду басып өтүшү керектиги камтылат. Эгер ал кабыл алынып калса, анда журналисттерге чоң жардам болот эле”, - дейт ал.

II “Ийгиликке кадам” медиафорумуна ошондой эле Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков жана 70ке чукул журналист катышууда.

Белгилей кетсек, форумдун алкагында төмөнкү темалар каралат:

1. “Социалдык тармактар жана медиа”;

2. “Чакан ЖМК – аймактык медианын келечеги”;

3. “Медиадагы кастык тил маселеси, аны менен күрөшүүнүн жолдору;

4. “Гендердик маселелерди жана майыптык теманы туура чагылдыруу;

5. “ЖМК жана журналисттердин ишмердүүлүгүндөгү юридикалык коопсуздук;

6. “Медиа жана санариптик коопсуздук;

7. “COVID-19 пандемиясы учурунда медианын каражат булактары жана каржылоо моделдери;

8. “Шайлоону чагылдыруу маселелери”.

Медиафорум эртең, 9-сентябрь күнү да уланат.

Пикир

Оставить комментарий