• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто унаалардын күнү-түнү жүрүүсү үчүн көк түстөгү уруксат кагазы бериле баштады

Аймак 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Ошто унаалардын күнү-түнү жүрүүсү үчүн көк түстөгү уруксат кагазы бериле баштады. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, көк түстөгү уруксат кагаздары медицина, милиция, аскер кызматкерлерине жана атайын авариялык кызматта иштегендерге берилет.

"25-мартта чыккан уруксат кагазын 2 миңге жакын автоунаа ээлери алган. Алардын 1,5 миңден ашыгы мамлекеттик ишканалардын кызматкерлерине жана демилгелүү топторуна берилген. Ал уруксат кагазы күндүзгү маалга эле жарайт. Бүгүн коменданттын атайын буйругу чыкты. Ага ылайык, 500гө жакын көк түстөгү уруксат кагазы иштелип чыкты. Ал уруксат кагазы күнү-түнү унаа айдоого уруксат берилет", - дейт ал.

Эскерте кетсек, Бишкекте 122, Ошто 13 жаран коменданттык саатты бузган.

Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 84 кишиге жетти. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда – 39, Ош облусунда – 33, Бишкек шаарында – 7, Чүй облусунда - 3, Баткен облусунда – 1, Нарын облусунда - 1 учур.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам саат 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды.

Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана жол кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий