• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 07.06.23 /Кабар/. Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын мэриясында каржы-экономика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу муниципиалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземине Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азат Кубатбек уулу, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, Ош шаардык каржы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдыкадыров, муниципалдык мекемелеринин жана калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөө кызматкерлери катышты.

Куттуктоо сөзүндө Азат Кубатбек уулу шаардын экономикасынын өнүгүшүнө, экономикалык потенциалынын өсүшүнө салым кошуп жаткан каржы тармагындагы кызматкерлердин орду чоң экенин белгиледи.

Майрамдын урматына шаардык мекеме-ишканалардын каржы тармагынын жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий