• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Жаратылыш ресурстары министрлигине 1 млрд сом каралган

Экономика 0

Бишкек, 07.06.23. /Кабар/. 2023-жылга Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине 1 млрд сом каралган. бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- бюджеттик эсепке 588,8 млн сом;

- атайын эсептерге 414,2 млн сом;

- Геология департаментине 120,7 млн ​​сом;

- геологиялык иштерди аткарууга (мамлекеттик заказ) 27,8 млн сом суммасында каражат каралган.

Калган чыгымдар кызматкерлерге эмгек акы төлөөгө, командировкаларга, байланыш кызматтарына, транспорттук чыгымдарга, чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу максаттарына, коммуналдык төлөмдөргө ж.б. каралган.

Мындан тышкары, Кыргызстандын бардык аймагында социалдык жана экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан түшкөн каражаттар бар.

2021-жылы "Кумтөр Голд Компани" ЖАК тарабынан Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жаратылышты өнүктүрүү фондуна төлөмдөр 3,7 млн ​​долларын (313,8 млн сом) түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий