• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын энергетика тармагы эгемендүүлүккө жетишүү үчүн $1 млрд жумшалган - Рахимов

Экономика 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Акыркы 30 жылда Кыргызстанда энергетика тармагында алгылыктуу өнүгүү болгон жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында профессор, эксперт Калый Рахимов билдирди.

Анын айтымында, ал аралыкта Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай ГЭСтери курулуп, Камбар-Ата 2 жана Бишкек ЖЭБде бир блок ишке киргизилди.

“Бул союз убагында башталган иштин уландысы гана болгон. Кыргызстандын энергетика тармагы эгемендүүлүккө жетишүү үчүн 1 млрд доллар жумшалган. Жыйынтыгында электр энергиянын тартыштыгында жашап жатабыз. Өнүгүү жок. Казакстан жана Өзбекстанды алсак, аларда электр энергиянын кубаттуулугу 40-50%га өстү”, - дейт ал.

Рахимов энергетика тармагын өнүктүрүүнүн 3 жолу жазылган китеп жазганын айтат.

“Биринчиси, кичи ГЭСтерди куруу. Аларды этап-этабы менен курса болот. Экинчиси, бизде Орто-Токой, Киров суу сактагычтары бар, даяр платина болгондуктан ГЭС курууга көп чыгым кетпейт. Үчүнчүсү, кубаттуу ГЭС куруу – Камбар-Ата-1 сыяктуу”, - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий