• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баасы 161 млн сом. Баткенде сугат суу кампасынын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Жетиген айылына сугат суу кампасы (БСР) курулууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, БСРдин курулушуна 161 слм сом сарпталат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн учурда республикалык бюджеттен 6 млн 390 миң сом бөлүнүп, механикалык тазалоо иштери жүрүүдө.

Бүгүн объектке министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев барды.

"Учурда тургундардын үлүш жерлеринен чыккан жер астындагы суулар топтолуп пайдаланылбай турат. Топтолгон суулар үчүн суу кампасы курулса 500 миң куб сууну пайдаланууга шарт түзүлөт. Натыйжада Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын 1500 га сугат аянтына суу жетет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий