• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кирүү акысыз. Бишкекте Иран музыканттарынын аткаруусунда концерт өтөт

Маданият 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Бишкекте Иран музыканттарынын аткаруусунда классикалык вокал жана фортепиано концерти өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Музыка майрамы 12-февралда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын малахит залында өтөт. Башталышы саат 18:30. Каалоочулар үчүн кирүү акысыз.

Программага КМШ өлкөлөрүнүн ар кыл фестивалдарында концерт берип келген Ирандык белгилүү музыканттар Али Давуди (вокал) жана Гүлнаре Асадинин (фортепиано) мыкты ырлары жана обондору кирди. Жубайлар репертуарынан перс, орус жана башка тилдердеги тандалган чыгармаларды жергиликтүү көрүүчүлөргө тартуулашат.

Иш-чара Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы маданий өкүлчүлүк тарабынан маданият жаатындагы кызматташтыктын алкагында өткөрүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий