• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Нурия Кутнаева Дохадагы Web Summit Qatar 2024 конференциясына катышты

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Доха шаарындагы Web Summit Qatar 2024 конференциясына катышты.

Бул дүйнөдөгү эң ири санариптик конференция, анда алдыңкы эксперттер жана ишкерлер санариптик трансформация, киберкоопсуздук, жасалма интеллект жана санариптик өнүгүүнүн башка маанилүү аспектилери боюнча акыркы тенденцияларды талкуулашат.

Министр сөз сүйлөп, Кыргызстандын санариптик технологияларды өнүктүрүүгө олуттуу кызыгуусун жана глобалдык санариптик экономиканын маанилүү катышуучусу болууга умтулуусун баса белгиледи.

Министр өз сөзүндө өлкөлөр ортосунда түзүлгөн өз ара аракеттешүүнү баса белгилеп, ошондой эле Кыргызстандын Борбор Азия аймагына санариптик кирүү чекити катары потенциалына ишенимин билдирди. Ал ошондой эле мамлекет санариптик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды жана ыңгайлуу режимди түзүп жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, КР президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылы Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль-Тани менен расмий жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча, өлкөлөр ортосундагы түзүлгөн өз ара байланыш санариптик жана инновациялык долбоорлорду өнүктүрүүгө өбөлгө болууда.

Пикир

Оставить комментарий