• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алдамчылардын тузагына илинип калуудан сак болгула! Улуттук банк жарандарга кайрылды

Коом 0

Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы телефон аркылуу алдамчылык фактыларына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылып, сак болууга чакырды.

Өлкөнүн башкы финансы органынан билдиришкендей, Улуттук банкка алдамчылык фактыларына дуушар болгон жарандар кайрылууда.

Алдамчылар жарандарга телефон чалып, өзүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, ар кандай себептер менен алардан өзү жөнүндө жеке маалыматтарды, картасынын реквизиттери, CVV/CVC коддору ж.б. жөнүндө маалымат берүүнү өтүнүшкөн.

Ушуга байланыштуу Улуттук банк тарабынан жарандардан эч кандай жеке маалыматтар жана купуя маалыматтар талап кылынбай тургандыгы жөнүндө эскертет.

Ошондой эле, Улуттук банкта жарандарга эсеп ачылбай тургандыгын, жеке адамдарды тейлөө жана калк менен акчалай эсептешүүлөр ишке ашырылбай тургандыгын билдирет. Ушул себептен, өзүңүздөргө сак болууну жана алдамчыларга жеке маалыматты бербөөнү өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий