• 88.68
  • 95
  • 0.95

Карыбек Дүйшеев Конституциялык соттун төрагасы кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча үуйшеев Карыбек Арстанбекович Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы кызматынан өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Пикир

Оставить комментарий