• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Президенттин командасы” кезектеги “Мурас” турниринде жеңишке жетти — фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 08.12.23./Кабар/. 8-9-декабрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн футбол боюнча кезектеги “Мурас” достук турнири аяктады.

Оюндардын жыйынтыгы боюнча “Президенттин командасы” командасы биринчи орунду ээледи. Мелдешке 16 команда катышты.

Мамлекет башчысы турнирдин негизги максаты - сергек жашоо образын жайылтуу экенин айтты. Ал спорт ар бир адамдын жашоосунун бир бөлүгү болушу керектигин баса белгиледи.

“Турнир барган сайын жакшырып жатканы кубандырат. Муну командалардын оюнунан да көрүүгө болот”, - деди Садыр Жапаров.

Жеңүүчүлөргө чемпиондун өтмө Кубогу жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Аягында эстеликке сүрөткө түшүштү.

Пикир

Оставить комментарий