• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте кар тазалоо иштери кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 09.12.23. /Кабар/. Бишкекте «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан кар тазалоо иштери кызуу жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, түнү менен жолдорго туз чачуу иштери башталып, 8-декабрь саат 20:00дөн 9-декабрь саат 10:00гө чейин 264 тонна өндүрүштүк туз колдонулду.

Линияда 39 атайын унаа иш алып барууда, алар - МАЗ базасында 27 кар тазалоочу унаа, ЗИЛ-130 базасында 1 кум чачуучу унаа, 2 фронталдык жүктөгүч,4 щетка жана күрөктүү “Беларусь” трактору, 5 "УКМ-2500" универсалдуу коммуналдык унаа.

Учурда көчө тазалоочулар тротуарларды, жолдун унаа кириш жактарын тазалап жатышат. Кар менен күрөшүү үчүн ишкананын бардык кызматкерлери линияга чыгышты.

Белгилей кетсек, борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоого Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери көмөк көрсөтүүдө. Шаардын көчөлөрүндө Кайгуул кызматынын 12 унаасы атайын техникаларды коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий