• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК ЕАЭБ алкагында электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча долбоорду ишке киргизди

Коом 0

Бишкек. 01.06.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын ортосундагы автомобиль жана темир жолдук жүк ташууларында электрондук навигациялык пломбаларды колдонууну караган пилоттук долбоорду ишке киргизди.

МСКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, пилоттук долбоор 2023-жылдын 1-сентябрына чейин уланат.

Долбоордун алкагында үч өлкөнүн интеграцияланган маалыматтык системасы жана товарлардын ташылышына байкоо жүргүзүү, товарлардын жеткирилишин контролдоо, ошондой эле тышкы экономикалык иштин катышуучуларын ЕАЭБде мындай байкоо жүргүзүүнүн киргизилишине даярдоо үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу механизми апробацияланат.

Электрондук навигациялык пломбаны колдонуу чек арада контролдук-текшерүү иш-чараларын минималдаштырууга мүмкүндүк берет, бул жүктөрдү өткөрүү процессин тездетет, ошондой эле товарлардын контрабандасына каршы ишенимдүү бөгөт болот.

Пилоттук долбоордун жүрүшүндө Кыргызстан аймагынан Казакстанга жана Россияга товар менен бара жаткан транспорт каражатына "Ак-Тилек авто жолу" жана "Чалдыбар автожолу" контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жайгашкан Салык кызматынын товарларды эсепке алуу пунктунун кызматкерлеринин катышуусунда Улуттук оператор тарабынан электрондук навигациялык пломба коюлат. Электрондук навигациялык пломбаларды алып салуу Казакстан жана Россия тарабынан аныкталган жерлерде жүргүзүлөт.

Казакстан жана Россиядан Кыргызстанга келүүчү транспорт каражаттарына электрондук навигациялык пломбаларды коюу бул өлкөлөрдүн Улуттук операторлору тарабынан жүзөгө ашырылат. Электрондук навигациялык пломбаларды алып салуу Кыргызстандын аймагында Салык кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда товарларды жеткирүү жана түшүрүү жерлеринде ишке ашырылат.

Ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде жүзгүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий