• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Бүгүн, 14-мартта Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган эл аралык юбилейлик конференция болуп өттү.

Иш-чара Тышкы иштер министрлиги менен ТИМдин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы тарабынан биргеликте дипломатиялык кызматтын ардагерлеринин, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилеринин, чакырылган коноктордун жана Дипломатиялык академиянын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.

Конференцияны Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору Акылбек Кылычев жана тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев ачты.

Конференциянын коноктору жана катышуучулары дипломатиялык кызматтын ардагерлери, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Апас Жумагулов, СССРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз ССРинин экс-тышкы иштер министри, «Кыргызстандын дипломаттары» коомдук уюмунун төрайымы Жаңыл Түмөнбаева, ошондой эле дипломатиялык корпустун Дуайени, Беларустун Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчко жылуу сөздөрүн айтышты

Иш-чарага Дипломатиялык академиянын проректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов жана Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, профессор Ирина Оролбаева модератордук кылып, анын компетенттүү жетекчилиги темалардын кеңири спектрин, анын ичинде дипломатиянын тарыхын, тынчтыкта жанаша жашоо, глобалдык коопсуздук жана эл аралык экономикалык кызматташтык жаатындагы актуалдуу маселелерди натыйжалуу жана жемиштүү талкуулоону камсыз кылды.

Конференциянын жүрүшүндө белгилүү дипломаттар жана эксперттер сөз сүйлөштү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, профессор Ишенгүл Болжурова, Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын профессору, Болот Отунбаев - Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын профессору, Зайнидин Курманов – Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын профессору – проректору, Абдурашитов Акасбек - Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын профессору, Марат Усупов - Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, "Кыргызстандын дипломаттары" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын мүчөсү, Сергей Юн — Томск мамлекеттик университетинин ректорунун кеңешчиси, дүйнөлүк саясат кафедрасынын башчысы, Эдил Осмонбетов – КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын доценти бар.

Катышуучулар конференциянын уюштурулушуна жана деңгээлине жогору баа берип, анын дипломатиялык коомчулукту мындан ары өнүктүрүү жана эл аралык мамилелерди чыңдоо үчүн маанисин баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий