• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Республикада аба ырайынын кескин ысышы күтүлөт-Кыргызгидромет

Коом 0

Бишкек, 7-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Республиканын аймагында бүгүнтөн тартып аба ырайынын кескин ысышы күтүлөт.

Кыргызгидрометборбору билдиргендей бүгүн абанын температурасы өрөөндүү аймактарда күндүзү 37-42 градуска көтөрүлсө, түнкүсүн 21-26 градус ысыйт.

Өрөөн аймактарына Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары кирет.

Ысык-Көлдө дем алыш күндөрү абанын температурасы күндүзү 30-35 градус ысып, түнкүсүн 15-20 градус болот. Нарында күндүзү 30-35 ысык, түнкүсүн 15-17 градуска жетет. Ал эми Ат-Башы районунда абанын температурасы 32 градуска чейин көтөрүлөт.

Ошондой эле, кыргызгидрометборбору Кыргызстандагы ысык абанын деңгээли 7-9-июлга чейин сакталаарын, 10- июлдан тартып абанын температурасы 2-3 градуска төмөндөй турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий